2021-10-12


Биринчи жана экинчи курстун студенттери менен жолугушуу!! (04-октябрь, 2021-жыл)


04.10.2021 дүйшөмбү күнү факультетибиздин Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн 1-курсунун жана 2-курсунун студенттери менен таанышуу (ориентациялык) жолугушуусу болуп өттү. Студенттер менен жолугушууга факультеттин жетекчилиги, бөлүм башчысы жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. Студенттерибизге университетибиз, факультетибиз жана бөлүмүбүз тууралуу маалымат берилип, суроолоруна жооптор берилди. Жолугушуулардын соңунда студенттерге факультетибиздин практикалык аянтчалары, лабораториялары жана аудиториялары көрсөтүлдү.